Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Ош облусу, Ош 14.01.2020 17:29 На русском

Ош облусундагы жолдорду кардан тазалоого 43 техника жана 161 жумушчу тартылды

Turmush -  Ош облусунда жолдорду кардан тазалоого 43 техника жана 161 жумушчу тартылды. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кечээ, 13-январь күнү Ош облусунун аймагында кар жаап, жолдор тайгак болгондугуна байланыштуу жолдорго кум жана туз себилүүдө. Бүгүнкү күндө ар бир райондун жол тейлөө ишканаларына караштуу 43 техника жана 161 жумушчу иштеп жатат. Облус аймагындагы эл аралык маанидеги жолдор ачык.

Ош облусу боюнча ЖКККБ айдоочуларга жолдор тайгак болгондуктан жол эрежелерин жана аралыкты сактоону эскертет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×