Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 12.02.2014 12:07

Ош шаарындагы ооруканаларда бейтаптарга орун жетишсиз

Turmush -  Ош шаарынын аймактык поликлиникасына кайрылган оорулуулардын саны күндөн күнгө өсүүдө. Кээ бир шаар тургундарынын маалыматына караганда, учурда шаардык ооруканаларда бейтаптар бир нече күнгө чейин кезек күтүп турушат.

Ош шаардык аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Аманалы Нуралиев хирургия, сынык-жаракат, жүрөк жана нерв оорулары менен кайрылгандардын көп экендлигин билдирди.

А.Нуралиев белгилегендей, бейтаптар өз убагында дарыланбай, ооруну күчөтүп жиберишип, жыйынтыгында оорулуулардын саны өсүп кетүүдө.

Кошумчалай кетсек, төрөт үйлөрүндө кезек күтүү жок .

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×