Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 12.02.2014 15:38

Оштогу мектептерде сүйүү күнү белгилөөгө тыюу салынууда

Turmush -  Ош шаарындагы мектептерде Ыйык Валентин күнүнө карата жылдагыдай сүйүшкөндөр үчүн атайын кутучалар уюштурулбайт жана мектептерде иш- чаралардын өткөрүлбөшүнө катуу талап коюлууда.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов билдиргендей, буга карата мектеп директорлору көзөмөлгө алып, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчисине маалымдап турат.

«Валентиндин өлүмүн белгилөөнүн эмне мааниси бар? Дегеле бул кыргыздын тарыхында жок нерсе, мындай сүйүү майрамын өткөрүү окуучулардын тарбиясын бузат», - деп белгилейт К.Кимсанов.

Кошумчалай кетсек, Ош шаарында 56 мектеп бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×