Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 12.02.2014 16:56

Ошто 15-февралда Ооган согушунда курман болгондордун эстелигине гүл чамбар коюу салтанаты болот

Turmush -  Ош шаарынын Токтогул атындагы эс алуу багында 15-февраль күнү советтер союзунун аскерлеринин Ооганстандан чыгарылышынын 25 жылдыгына жана ардагерлерди эскерүү иш-чарасына карата гүл чамбар коюу мааракеси өткөрүлөт. Бул туурасында Ош шаардык мэриянын социалдык-маданият бөлүмүнүн адиси Курманбай Ташибаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Ош шаарында Ооган согушунун 455 ардагери жашайт.

«Ооганстандагы согушта каза болгондорду эскерүү митинги болуп өтөт. Ошондой эле мемориалга гүлдөр коюлуп жана Ооган согушунун катышуучулары ардак грамоталар менен сыйланат», - деп билдирди К.Ташибаев.

Эскерте кетсек, Ооганстандагы согуш 1979-жылдан 1989-жылга чейин болгон. 2014-жылы советтер союзунун аскерлеринин Ооганстандан чыгарылышына 25 жыл толот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×