Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 13.02.2014 12:03

Ош шаардык көрктөндүрүү комбинатында 50 тоннадай жол эритүү үчүн туз бар, бул кийинки жылга да ашат, - башкы агроном

Turmush -  Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатында учурда 50 тоннадай жол эритүү үчүн туз бар, бул каражат келээрки 2015-жылга да ашып калат. Бул тууралуу аталган комбинаттын башкы агроному Жаанбай Турсункулов маалымдады.

Анын айтымында, ошондой эле быйылкы жыл үчүн гүл, көчөт жана урктар жетиштүү.

«Комбинатта 222 кызматкер иштеп, анда багбан, жашылдандыруучу адис, теплица ишкерлери, көчө тазалоочулар жана айдоочулар бар. Ал эми кызматкерлердин айлык маянасы 7 миң сомдон жогору», - дейт башкы агроному.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×