Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 13.02.2014 12:21

Ошто электр зымдарына күч келип жаткандыгына байланыштуу электр жарыгын камсыз кылуу кээ бир жайларда өчүрүлөт

Turmush -  Электр энергиясын жылытуу жана тамак-аш жасоо үчүн колдонгон «Черемушка», «Амир-Темур», «Манас-Ата» кичи шаарчаларында абоненттер электр энергияны көп колдонууда. Бул туурасында «Ошэлектр» ААКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

«Ошэлектр» ААК электр шаймандарын сактоо жана авариялык өчүрүүлөрдү кыскартуу үчүн убактылуу өчүрүүлөрдү жасоого муктаж болууда.

«Бүгүнкү күндө Оштогу электр энергиясын камсыз кылчу жайларда оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүүдө, буга байланыштуу шаардын Шакиров, Депутаттык, Борбордук жана Шелккомбинат, Фрунзе ,Кырарык көчөлөрүндө 17:00дө жарык камсыздалат», - деп жазылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×