Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 13.02.2014 13:23

Ош шаарын Ата Мекенди коргоо күнүнө карата «Ант - 2014» аттуу фестивал өткөрүлөт

Turmush -  Ош шаарынын мэриясы, Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан Ата Мекенди коргоо күнүнө карата 22-февраль күнү саат 11:00дө «Ант - 2014» аттуу фестивалы өткөрүлөт. Бул туурасында Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдайт.

Фестиваль жоокерлер арасында өткөрүлөт.

Анда билдиргендей, иш-чаранын максаты - жаштардын Ата Мекенге болгон сүйүүсүн жогорулатуу, жаштардын Ата Мекенди көздүн карегиндей сактоого тарбиялоо, жаштарды аскердик милдет өтөөгө кызыктыруу, жаштар арасында биримдик жана достук мамилени чыңдоо, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылган коргоочулардын ордун жогорулатуу, Ата Мекен коргоочуларынын таланттарын өркүндөтүү болуп саналат.

Мелдешке катышуунун тартиби: өлкөнүн түштүк аймагында жайгашкан чек ара кызматында, бажы кызматында, Коргоо министрлигинин куралдуу күчтөрүндө, ӨКМдин аскерлештирилген базасында жана ички иштер министрлигинде кызмат өтөгөн 18 жаштан 30 жашка чейинки жоокерлер катыша алат. Иш-чара Бабур атындагы драммалык театрында өткөрүлөт, дейт маалымдайт шаардык мэрия.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×