Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 13.02.2014 14:46

Р.Отунбаева: Байлыкка эмес, балага көңүл буралы

Turmush -  Бүгүн, 13-февраль күнү өкмөттүн Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө экс-президент Роза Отунбаева билим берүү башкармалыгынын жетекчилери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолугуп, бала бакчаларды жаңы түргө өткөрүүнү сунуштады.

Ал белгилегендей, 3 айлык жайкы каникул ичинде, ата-энелер балдарына жакшы билим берүүнүн ордуна, жайыт иштерине жумшап, балдардын билимине маани берилбей жатат.

«Аларга пайдалуу иш уюштуруш үчүн, ошондой эле окуу программаларды кайталоо, жайыттык бала бакчаларда да уюштуруу керек. Биз байлыкка эмес, балага көңүл буралы», - деди ал.

Анын айтымында, жай мезгилинде жайлоодо 506 үй-бүлө кошумча боз үй тигип, бала бакча ачса болот, анда балдар көңүлдүү, пайдалуу убакыт өткөрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×