Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 13.02.2014 15:29

Имамдарда светтик илимдин болушу коомго пайда алып келет, - М.Ибраев

Turmush -  Имамдарда светтик илимдин болушу коомго пайда алып келет. Бул тууралуу «Адеп башаты» коомдук фондунун Оштогу жетекчиси Марс Ибраев жергиликтүү каналга берген маегинде билдирди.

Анткени, светтик илим акылдын нуру, ал эми шарият илими жүрөктүн нуру. Экөө бириккенде гана акыйкат пайда болот.

«Эки канаттуу куш сыяктуу алыска уча алат. Аллахты таанытууда физиканын, астрономиянын, медицинанын тили менен баяндай турган болсо, кандай сонун жыйынтык берет. Ошондуктан, имамдардын светтик билимдерге ээ болуусу коомчулук үчүн пайдалуураак болот деп эсептеймин», - дейт Марс Ибраев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×