Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу 13.02.2014 16:28

Ош облусунда жумушсуз жарандарды мамлекеттик мекемелерге тартуу 1180 адамга көп болду

Turmush -  Эмгек, миграция жана жаштар иштери боюнча министрлигинин Ош шаардык башкармалыгына өткөн жылдын 12 айы ичинде жумушсуз катары каттоодо турган 1205 жаранды жумушка орноштурган.

Министрликтин Ош шаардык башкармалыгынан билдиришкендей, башкармалык тарабынан Ош шаарындагы мекеме-ишканалардан 1234 бош жумуш орундары алынган. Жумушсуз жарандардын ичинен 626 жаш тургунга мекеме-ишканалардан берилген бош орундарга багыттама берил, иш менен камсыз болушкан.

Ал эми 395 адам мамлекеттик ишканаларга, 810 адам жеке тармактарга ишке орношушкан. Бул көрсөткүч 2012-жылга салыштырмалуу 2,1%га (1180)жогору болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×