Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 14.02.2014 17:52

Ош шаарында көп кабаттуу үйдүн жылуулук түтүкчөлөрүн унаа сүзүп кетип, учурда жылуулук берүү токтоп турат

Turmush -  Ош шаарындагы Кара-Суу көчөсүнүн көп кабаттуу 6-үй-бүлөлүк жатаканасынын жылуулук берүү түтүкчөлөрүн оор жүк ташуучу автоунаа сүзүп алган, учурда жылуулук берүү токтоп турат. Бул туурасында Ош шаардык жылуулук берүү башкармалыгынын башкы инженери Бахадыр Эргашов билдирди.

Анын айтымында, 13-февраль күнү оор жүк ташуучу автоунаа Кара-Суу көчөсүнүн 6-көп кабатуу үйүнүн жогору жагына токтогон, ылдыйышта турган оор жүгү бар автоунаа жыйынтыгында муздуу жерден үйдүн жылыткыч түтүктөрүн сүрүп кеткен.

«Буга байланыштуу учурда аталган көчөдө жайгашкан протезный заводдо да жылуулук берүү токтоп турат. Авариялык абал кечээ, 13-февраль күнү катталып, эки күндөн бери уланып жаткан жумушчу топтун иши эртең аягына чыгат», - деп кошумчалайт Б.Эргашов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×