Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 14.02.2014 18:48

Ошто Ооган согушунун 445 ардагери болсо, анын 32си майыптар

Turmush -  Ош шаарында Ооган согушунун 445 ардагери бар, алардын 32си майыптар. Бул тууралуу Ооган согушунун шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Какан Эралиев бүгүн, 14-февралда 25 жылдык мааракеге карата өткөрүлгөн салтанатта билдирди.

«Алардын үй-бүлөсү жыл сайын бул майрамда 5 миң сомдон өкмөттөн материалдык жардам алып турушат. Мындан тышкары, квартал сайын Ош шаардык мэриясы тарабынан дагы материалдык жардамдар берилип турат», - деди ал.

Анын айтымында, жаштар бул согуш тууралуу жана ага кимдер катышкандыгы жөнүндө унутпай, ар дайым билип туруш керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×