Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу, Ош 14.02.2014 18:58

Фоторепортаж — Ошто Ооган ардагерлеринин катышуусунда ок атуу болду

Turmush -  Ош шаарында ооган ардагерлери бүгүн, 14-февраль күнү Ооган согушунун аскерлеринин Ооганстандан чыгарылганына 25 жыл толгондугун белгилешти. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалым болгондой, Ооган согушунун катышуучулары Араван жолундагы ок атуучу жайда жана Алиев атындагы орто мектепте болушту.

Ок атуучу жайда ок атуунун жолдору көрсөтүлүп, андан соң ардагерлер ок атуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Мектепте салтанаттуу жыйын болуп, Ооган согушунда каза тапкан Алиевдин апасы катышып, жыйын өтүүчү мектептин аты Ооган согушунун ардагерине ыйгарылганы айтылды.

Жыйынтыгында Алиевдин эстелигине гүл чамбарлар коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×