Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу 17.02.2014 09:29

Ошто советтер союзунун аскерлеринин Ооганстандан чыгарылышынын 25 жылдыгына арналган салтанаттан фоторепортаж

Turmush -  15-февраль күнү Ош шаардык Токтогул атындагы эс алуу багында ардагерлерди эскерүү жана ооганчылардын Ооганстандан чыгарылышынын 25 жылдыгына карата гүл чамбар коюу мааракеси болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мааракеге Ош шаарынын мэри, Ош шаардык кеңешинин төрагасы, Ош шаардык жана облусттук ооганчылардын ардагерлер кеңешинин төрагалары,ооган ардагерлери,аскер кызматкерлери,студенттер,окуучулар жана тургундар катышты.

Анда келгендер Ооган согушунун ардагерлеринин эстелигине гүл чамбарларды коюшту.

аф 15 

аф3 

аф4 

аф 9 

аф 

аф грамота 

аф гимн 

аф гул алып барата 

аф мэр г 

аф гул кой ду 

аф куран 

аф куран эл

Ош облустук ооган ардагерлер кеңешинин төрагасы Беделбай Маматовдун айтымында 1979-жылы Ооган согушуна Кыргызстан боюнча 7,5 миңдей,республиканын түштүк аймагы боюнча 4,5 миңдей аскерге аскер согушка катышып,анын ичинен курман болуп жана кайтпай калгандар болгон.

Гүл коюу мааракесинен соң согушта каза болгон ардагерлерге куран окулду.

Ош шаардык мэриясы ардагерлерге ысык тамак уюштуруп ал учурда ардагерлерге шаар мэри,шаардык кеңештин төрагасы, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары жана башкалар ардак грамота жана акчалай сыйлыктарды тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×