Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу 17.02.2014 11:33

Ош шаарынын «Туран» кичи районуна суу жеткирүүчү №2 насостук станция сапатсыз курулгандыгы айтылды

Turmush -  Бул тууралуу Ош шаарынын мэри А.Кадырбаевдин аталган насостук станцияга жасаган рейдинде белгилүү болду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ош шаардык суу-канал муниципалдык ишканасынын жетекчиси Д.Кокочоровдун айтымында, суунун элге жетпей жатканына насостук станцияны оңдоп-түзөгөн компания жооп бериш керек.

«2012-жылы 2,5 млн сом акча каражаты сарпталып, ушул №2 насостук станция курулган. Ошол жылы шаар күнүнө карата станция ишке берилген эле. Бирок, станциянын кыймылдаткычы талака жооп бербегени үчүн суу берүү үзгүлтүккө учурап жатат. Буга күнөөлүү тарап – тендерден утуп алып, ишти аткарган подрядчик деп ойлойм», - деди Д.Кокочоров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×