Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 18.02.2014 12:31

«Жапалак» муниципиалдык унаа базарын ирээтке келтирүү иштери улантылып жатат

Turmush -  Ош шаарындагы «Жапалак» муниципиалдык унаа базарын ирээтке келтирүү үчүн иштер улантылып жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев базардын абал менен таанышып жатып билдирди.

Анын айтымында, курулушка керектелүүчү каражат быйылкы жылдын бюджетинин эсебинен каралат.

Эскерте кетсек, буга чейин автоунаа базары мурдагы кирпич заводдун жанында, тактап айтканда Мамыров көчөсүндө жайгашкан. Ар кандай ыңгайсыздыктардан улам жол тыгындары көп катталып, жергиликтүү жашоочулардан арыздар түшкөн.

Мындан сырткары, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев Ош шаардык автобаза башкармалыгынын жетекчилиги менен жолугуп, ал жактагы көйгөйлөрдү чечүүгө убада берди.

Тема боюнча: Ош мэри «Жапалак» унаа базарынын курулушуна сарпталган 33 млн сомго алгылыктуу иш аткарылбаганын белгиледи

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×