Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 19.02.2014 11:22

Ошто рейд учурунда талапка жооп бербеген 1,9 миң бөтөлкө алкоголдук продукциясы кармалды

Turmush -  Ош облусуна караштуу Ноокат районунда салыктык көзөмөл рейди өткөрүлүп, 1940 даана бөтөлкө алкоголдук продукциясы кармалган. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынын этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча түштүк аймак аралык башкармалыгынын жетекчиси А.Эркебаев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, рейд учурунда жеке ишкерге таандык кампа имаратында талапка жооп бербеген алкоголдук өндүрүшү сакталып жана чыгарып жүргөнү аныкталды.

1940 бөтөлкө алкоголдук ичимдиги абалды иликтеп бүткөнгө чейин алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×