Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусу, Ош 19.02.2014 15:28

Ош шаарындагы «Жапалак» унаа базары мурунку ордуна көчөт деген маалымат туура эмес, - вице-мэр И.Ражапов

Turmush -  Ош шаарындагы «Жапалак» автоунаа базары мурунку ордуна көчөт деген сөз туура эмес, базарды жылдыруу боюнча бизде эч кандай буйрук, токтом жок, деп билдирди Ош шаарынын вице-мэри Иляс Ражапов журналисттерге берген маегинде.

Аны билдирүүсүнө караганда, буга чейин шаардык кеңештин депутаты Абдувахаб Нурбаев негизсиз эле «Жапалак» автоунаасы мурунку ордуна жылат деген маалымат тараткан.

Айтылып жаткан ушак-айындарды негизсиз экенин билдирүү максатында шаардын вице-мэри бүгүн «Жапалак» автоунаасында Ош шаардык жеке менчик ишканасынын башчысы жана Жапалак айылдык аймагынын башчысы менен биргеликте журналисттер менен жолукту.

Анда билдиргендей, эски автоунаа базар башка бирөөнүн менчиги болгон, ошондуктан ал жай жаңы орундукка жылып, жаңы «Жапалак» автоунаасы мэриянын менчигине өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×