Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу 19.02.2014 17:40

Ошто социалдык кызматкерлерге социалдык сумкалар берилди

Turmush -  Жакында Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы 18 социалдык кызматкерди социалдык сумкалар менен камсыз кылды. Сумкада социалдык кызматкерлерге эң керектүү делген буюмдар: халат, сүлгү, жарыктык буюм, термос, РТ термометри жана тонометри бар. Бул туурасында Ош шаардык кеңештен билдиришти.

Ал социалдык кызматкерлер жалгыз жашаган кары-картандар жана оорулуу, ошондой эле бирөнүн жардамына муктаж адамдарды карашат.

2013-жылдын июнь айында шаардык кеңештин депутаттары социалдык башкармалыктын иши менен таанышууда, кызматкерлердин социалдык сумкалары жок экендигин эске алышкан.

Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын иштеринин маселелери сессияда каралып, жыйынтыгында мэриядан социалдык сумкага салынуучу керектүү нерселер үчүн каражат бөлүп берүү буйругу берилген. Бшкармалыктан маалымдагандай каражат үчүн бюджеттен 40 миң сом бөлүндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×