Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 20.02.2014 12:27

Кара-Сууда бекитилген башкы план боюнча шаардын аймагы кеңейтилет

Turmush -  Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаарынын аймагы башкы план боюнча кеңейтилет. Республиканын түштүк аймагындагы 23,8 миң калкы менен чоң шаарлардын бирине кирген, Кара-Суу шаарынын башкы планы иштелип чыкты. Бул туурасында Кара-Суу шаарынын мэри Зарлык Тургунбаев маалымдады.

Аталган маселе Кара-Суу шаардык кеңештин депутаттары тарабынан 19-февраль күнү болуп өктөн сессияда бекитилди.

Анын маалыматы боюнча, башкы планга ылайык шаар чоңойтулат жана инфраструктурасы жакшырылат. Башкы планда каралган зарыл эсептелген чечимдердин бири «Туратали» ири базары жана Сарай айылдык аймагы шаарга өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×