Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусу 20.02.2014 14:20

Ошто Азия футбол конфедерациясынын алкагында футболдук таймаш болуп өтөт

Turmush -  Оштогу шаардык Сүйүнбаев атындагы стадиондо 26-28-февраль жана 19-апрель күндөрү «Алай» футболдук клубунун Азия футболдук конфедерациясынын кубогунун алкагында Бахрейн, Иордания жана Ирак футболдук клубдарынын командалары менен жолугушуу болуп өтөт. Бул туурасында «Алай» футболдук клубунун жетекчиси Нурдин Сматов билдирди.

Анын айтымында, Азия футбодук конфедерациясы - бул европалык UEFA сыяктуу, «Алай» футболдук клубунун алкагында өтүүчү оюнда түштүктөгү көрүүчүлөрдүн жардамы тиет.

«Алай» футболдук клубунун оюну айлампа сымал өтөт. «Алай» ФКсы «D» тайпасында жайгашкан, анда Бахрейн, Иордания жана Ирактан футболдук командалары катышат», - деди Н.Сматов.

Эскерте кетсек, «Алай» ФКсы 2-февралда полистиналык «Аль-Дахрия» командасынан жеңилип калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×