Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу 20.02.2014 18:05

Ошто автоунаалардын ичине кирип уурулук кылган жаран кармалды

Turmush -  Бул тууралуу ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-февралда Кара-Суу РИИБнин кызматкерлери тарабынан, «Арсенал» операциясынын жүрүшүндө 2013-жылдын декабрь айында Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү унаалардын ичинен магнитофонун жана дөнгөлөктөрүн уурдаган деп шектелип Кара-Суу районунун 21 жаштагы тургуну Э. Т. кармалды.

Учурда текшер иштери жүрүп жатат, деп кабарлайт маалымат кызматы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×