Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 20.02.2014 18:53

Өзгөндө «Карегимде - Мекеним» форуму өткөрүлдү

Turmush -  18-февраль күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарында Кыргыз Республикасынын гендердик теңчилик боюнча мыйзамын турмушка ашыруу жана шаардык мэриясынын 2012-2014-жылдарга улуттук планынын аткаруу максатында Советтик Армиянын Ооганстандан чыгарылгандыгынын 25 жылдыгына карата «Карегимде-Мекеним» темасында форум уюштурулду.

Форумга Өзгөн районунун акиминин орун басары, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, шаардык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы, райондук аскер комиссариатынын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышты.

Өзгөн шаарынын Ооган ардагерлери эгемендүү республиканын башка райондорунда да «Тынчтык жарчысы» катары 1990-жылы Өзгөн районунда, 1999-2000-жылы Баткен, 2010-жылы Ош, Жалал-Абад коогалаңдарында кызмат көрсөтүп келгендиктен, жаштарга патриоттук тарбия берүү, гендердик теңчиликти сактоо багытында шаардагы 8 мектептен кыз балдарды катыштырып, Өзгөн, Кара-Кулжа районунун Ынтымак жарчылары менен тажрыйба алмашуусу өткөрүлдү.

Ошондой эле форумда коомдук бирикмелердин өкүлдөрү тарабынан да этностор аралык мамилени чыңдоо, гендердик маселе боюнча ой пикирлер жана ардагерлерге каалоо тилектер билдирилди.

Анда Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин таланттуу окуучулары чоң программадагы концерти тартуулашты.

Форумдун соңунда Өзгөн шаарынын мэриясынын демилгеси менен даярдалган Ооган ардагерлеринин юбилейлик виньеткасы ардагерлерге жана курман болгон ардагерлердин үй-бүлөсүнүн атынан келген туугандарына мэриянын, раймамадминистрациянын атынан тапшырылып, куттуктоолор айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×