Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 20.02.2014 19:00

Ош шаардык кеңеши сейил бактарынын абалын инвестиция тартуу менен жакшыртуу сунуштарын ортого салышты

Turmush -  Бүгүн, 20-февраль күнү Ош шаардык кеңешинде жыйын болуп өттү. Ага туруктуу кошмо комиссиялардын архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери, ошондой эле өнөр жай, байланыш, унаа, жылуулук энергетикалык комплекс, муниципиалдык чарба иштери боюнча төрагалары жана мүчөлөрү, шаардык мэриянын тийишелүү адистери, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Отурумда маалым болгондой, буга чейин бакчалардын бөлөк аймактары мыйзамсыз түрдө жеке бирөөгө берилгендиктен, эми аны кайтарып алуу мүмкүн эмес. Ошондуктан эс алуу бактарынын аймагындагы жайлар анча көп эмес.

Жыйында КРнын жер кодексине толуктоолорду киргизүү жана Ош шаарындагы сейил бактардын абалын инвесторлорду тартуу менен жакшыртуу жөнүндө сунуштар берилди. Отурумдун катышуучулары жерлерди ижарага берип инвесторлорду тартуу боюнча да ой-пикирлерин билдиришти. Ошондой эле сейил бактардын азыркы абалын талкуулашты.

Козголгон көйгөлөр ортого салынып, аны чечүү жолдору боюнча тиешелүү сунуштар айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×