Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 24.02.2014 11:36

Ошто жаштар үчүн СПИД менен баңгичиликке каршы темасы боюнча тегерек стол өткөрүлдү

Turmush -  Ош облусундагы №16 мектептеги жогорку класстын окуучулары менен Ош айыл-чарба техникумунун студенттерине 20-21-февраль күндөрү баңгичилик менен СПИД дартынын алдын алуу боюнча тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук СПИД менен каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун эпидемиолог дарыгери Жыргал Нажиманов билдирди.

Анын айтымында, тегерек столдун катышуучулары менен бирдикте жүргүзүлгөн талкуунун жүрүшүндө ВИЧ илдетине кабылган жарандардын жашоосу тууралуу видео түрмөктөр көрсөтүлүп, СПИД менен баңгичилик темасы боюнча «суроо-жооп» түрүндөгү дискуссия болду.

«Тегерек столдун негизги максаты — жаштардын ден-соолугун бекемдөө жана сергек жашоого үндөө болуп эсептелет. ВИЧ-инфекциясы менен ооругандардын объективдүү жактарын чагылдырган маалымат баракчалары берилип, видео материалдар көрсөтүлдү», - деди Ж.Нажиманов.

Аталган иш-чараны Ош облустук СПИД менен каршы күрөшүү жана алдын алуу борбору менен №1, №2 үй бүлөлүк медицина борбору уюштурду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×