Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 25.02.2014 16:17

Кыргызстандын түштүгүндө март айында күн жылыйт, - гидрометеорология

Turmush -  Республиканын түштүк аймагында жаз өз убагында келет, деп билдирди Ош шаардык гидрометеорология борборунун жетекчиси Бахтияр Хасанов turmush.kg басылмасына берген маалыматында.

Анын айтымында, түштүк аймагы боюнча абанын температурасы март айынын биринчи жарымында түнкүсүн 0 градустан 5 градуска чейин, күндүзү 5 градустан 10 градуска чейин жылуу болот.
Айдын экинчи жарымында +3 градустан +8 градуска чейин жылуу, ал эми күндүз 15 градустан 20 градуска чейин күн жылышы күтүлөт.
Ал эми, жамгырдын көлөмү шаарда 28-69 мм ге чейин болсо, тоолуу аймактарда 45-111 мм болушу күтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×