Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 25.02.2014 18:17

Ош шаардык спорт аянтында эртең боло турган футболдук мелдешке даярдык көрүлүп жатат

Turmush -  Ош шаардык С.Сүйүнбаев атындагы спорттук аянтында эртен, 26-февраль күнү боло турган футболдук мелдешке карата даярдыктар көрүлүүдө. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын басма соз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, учурда спорт аянттын айланасын тазалоо иштерине шаардагы баардык коммуналдык ишканалардын кызматкерлери, аскердик бөлүктөн аскерлер тартылышып, учурда аянтча матчка даяр.
Ошондой эле эртенки иш-чарага карата милиция, тез жардам, «электртармактар» ишканасынан, өрт өчүрүүчү кызматкерлер калктын жана спортчулардын коопсуздугу үчүн күчөтүлгөн тартипте иштемекчи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×