Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 26.02.2014 11:56

Ош шаарынын парктарында 35 жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилген

Turmush -  Ош шаарынын Токтогул, Навои, «Жеңиш» жана ботаниалык маданий жана эс алуу бактарында КРнын жер мыйзамынын талаптарынын бузулушу менен 35 жер тилкеси 35,9 миң чарчы метрдик жеке менчикке өткөрүлүп берилген. Бул жөнүндө кечээ, 25-февраль күнү Ошто Жогорку Кеңештин жана Ош шаардык кеңештин депутаттарынын биргеликте өткөн жыйынында маалым болду.
Аталган жыйында «КРнын жер кодескине толуктоолорду киргизүү боюнча» мыйзам долбоору талкууланды.
Шаардык кеңештен маалымдагандай, бул маселе буга чейин да Ош шаардык кеңештин эки туруктуу комиссиясы менен талкууланган.
Белгилүү болгондой, 35,9 миң чарчы метр жер тилкеси жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана аткаруу бийлиги тарабынан мыйзамсыз сатылган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×