Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 28.02.2014 12:10

Ош шаарында өткөн жылга салыштырмалуу быйыл кыш мезгилинде электр энергиясын пайдалануучулардан келген арыздардын саны 2 эсеге көп болду

Turmush -  Ош шаарында 2013-жылга салыштырмалуу быйылкы жылдын кыш мезгилинде электр энергиясын пайдалануучулардан келген арыздардын саны 2 эсеге көп болду, деп билдирди Ош райондор аралык электр тармактар ишканасынын жетекчиси Данияр Сыдыков бүгүн, 28–февраль күнү журналисттерге берген маалымат жыйында.

Анын айтымында, аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу, электр энегриясы көп колдонулуп, калкка жана электр тармактар ишканасынын жумушчуларына көп көйгөйлөр жаралды. Мындан улам жумушчулар 20дай топторго бөлүнүп иштеп жатты.

«Ошондой эле, көйгөй жараткан дагы бир нерсе - тургундардын электр энергиясына төлөөдөгү кезек күтүүсү», - дейт аталган ишкананын жетекчисинин орун басары Нурлан Мамадалиев. - Элдер эми электр жарыгына төлөнүүчү акыны шаарда орнотулган терминалдарга төлөсө болот, ишканага келип кезек күткөндөн пайда жок».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×