Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу 28.02.2014 13:36

Бишкек-Ош унаажолунда кар көчкүлөрдү артиллериялык атуу улантылууда

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна Кой-Таш шаарчасынан келген артиллериялык эсеп жана КР ӨКМнин ыкчам тобу кечээ, 27-февралда Бишкек-Ош унаажолунун 222-чакырымында саат 11:30дан саат 11:58ге чейин 10 жолу атуу жүргүзүп, 22000м3 кар көчкүсү түшүп, унаа жолго жеткен жок. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Саат 13:00дөн саат 14:00гө чейин 223-чакырымда 14 жолу атуу жүргүзүп, 28000м3 кар көчкүсү түшүп, унаа жолго жеткен жок.

Саат 16:00дөн саат 16:30га чейин 226-чакырымда 7 жолу атуу жүргүзүп, көчкү түшкөн эмес.

Саат 17:30дан саат 18:00гө чейин 231-чакырымда 8 жолу атуу жүргүзүп, 2000м3 кар көчкүсү түшүп, унаа жолго жеткен жок.

Кар көчкүлөрүн атайлап түшүрүү иштери бүгүн, 28-февралда улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×