Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 28.02.2014 16:08

Кара-Кулжа аймактык ооруканасынын неврология бөлүмү заман талабына жараша жасалгаланды (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районундагы Мамытбек Жунусов атындагы аймактык оорукананын бир бөлмөсү заман талабына жараша жасалгаланды. Бул тууралуу «Өнүгүү» партиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, алты багыттагы программанын алкагында Мамытбек Жунусов атындагы аймактык ооруканасынын неврология бөлүмүнүн бир бөлмөсү заманбап жабдуулар менен жасалгаланып берилди.

Кара-Кулжа районунун Буйга айылынын 76 жаштагы тургуну Маматмуса Кенжебаевдин айтымында, ооруканага мындай жакшы шарттын түзүлүшү бейтаптын тез аранын ичинде айыгып кетүүсүнө да өбөлгө түзөт. «Бул бөлүмдө 31 оорулууга орундуктар түзүлүп, бейтаптарды дарылоо иштерин 15 өмүр сакчысы жүргүзөт», - дейт неврология бөлүмүнүн башчысы Асаналы Көчкөнбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×