Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуНоокат району 28.02.2014 18:59

Ноокатта мекеме-ишканалар биргелешип иш алып баруу үчүн меморандумга кол коюшту

Turmush -  Ош облусуна караштуу Ноокат районунда бир нече мекеме-ишканалар биргелешип, тыгыз байланышта иштөө үчүн меморандумга кол коюшту. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.

Ал маалымдагандай, тегерек столдун жүрүшүндө жумушсуздукту кыскартуу, нормативдик базаны жакшыртуу, төлөнүүчү каражаттарды кайрадан карап чыгуу зарылдыгы, районго кадр маселесинин жетишсиздик маселелери жаратып жатканы айтылды

Эми меморандумга кол коюлган соң, жогоруда айтылган маселелерди чечүү үчүн, биргелешип иш жүргүзүү үчүн алдыдагы иш пландар түзүлмөкчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×