Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 03.03.2014 12:48

Ош шаарын көрктөндүрүүгө даярдыктар башталды

Turmush -  Жаздын алгачкы күнү — 1-марттан тартып Ош шаардык муниципалдык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан шаарды көрктөндүрүүгө даярдыктар мыкты деңгээлде жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдайт.

Ишкананын башкы агроному Жаанбай Турсункуловдун айтымында, шаарга отургузула турган гүлдөрдүн 11 түрү парникте өстүрүп жатышат. Агрономдун айтуусунда, күндүн температурасы +15 градустан жогорулаганда топурактар даярдалып, гүлдөр шаардын көчөлөрүнө, тротуарларга, мамлекеттик мекемелердин алдына, эстеликтердин жанына отургузула баштайт.

Айта кетсек, гүлдөрдүн 8 түрү Чехиядан алынып келинген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×