Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусуНоокат району 03.03.2014 15:05

Ноокатта Туунун кабыл алынган күнүн майрамдоого байланыштуу жүрүш болуп өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 3-мартта Ноокат районунда Кыргыз Республикасынын Желегинин кабыл алынган күнүн майрамдоого байланыштуу тынчтык митинги жана жүрүш болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Митингге Ноокат районунун мекеме ишканаларынын башчылары, кызматкерлери, мектеп окуучулары, Ноокат шаарынын тургундары катышты. Тынчтык митингди ачып жатып, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары Мамадалы Дүйшеев КРнын желеги бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнө таанылып жаткандыгына токтолду. Ошондой эле кыргыз улутунун улуттук баш кийими Ак калпак күнү менен куттуктап, бул баш кийимдин маани маңызы бийик экендигин билдирди.

ы

см

unnamed

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×