Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 11.03.2014 15:24

Ош шаарынан студенттердин спорттук командасы ЖОЖдор аларык спартакиадага катышуу үчүн Бишкекке жөнөп кетти

Turmush -  Ош технологиялык университетинин студенттеттеринин спорттук командасы бүгүн, 11-марттан баштап Бишкек шаарында боло турган Республикалык жогорку окуу жайлар аралык спартакиадага катышып, окуу жайдын намысын коргошмокчу. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган спартакиадага 11-марттан 14-апрелге чейин уланып, спорттун 18 түрү боюнча болуп, анда ОшТУнун командасы жогорку лигада ойнойт. Жогорку лигада жалпысынан 8 команда болсо, аймактардан жалгыз ОшТУнун командасы ат салышат. Калган окуу жайлар Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлар болуп саналат.

Бүгүн эрте менен ректор А.Абидов спортчу студенттерди жана машыктыруучуларды кабыл алды. Ректор өз сөзүндө, спортчуларга ийгилик каалап, окуу жайдын намысын коргоо башкы максат экенин баса белгиледи. Андан кийин А.Абидов ОшТУнун байрагын команданын башчысы Б.Кулуевге тапшырып, спортсмендерди Бишкек шаарына узатуу жөрөлгөсү болду.

Быйылкы жылы аталган спорттук иш-чарага катышуу үчүн окуу жайдын фондусунан 500 миңден ашык акча каражатын бөлгөн.

фы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×