Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 13.03.2014 17:58

ОшМУнун волейбол боюнча балдар командасыреспубликалык универсиадада 1-орунду ээлешти

Turmush -  Жогорку окуу жайлар арасында учурда өтүп жаткан «Универсиаданын» 1-лигасында ойноп жаткан Ош мамлекеттик университетинин волейбол боюнча балдар командасы 1-орунду ээлеп, кубок, Билим берүү жана илим министрлигинин диплому, медалдары менен сыйланышып, жеңиш менен кайтып келишти.

ОшМУнун намысын коргоп, биринчи орунду камсыз кылышкан волейбол боюнча курама командасын ректор, профессор Каныбек Исаков кабыл алып, жеңиши менен куттуктады.

«Сегиз жогорку окуу жайы таймашкан оюн абдан кызуу өттү. Биринчи-экинчи орун үчүн биздин команда И.Арабаев атындагы КМУнун командасы менен ойноп, жыйынтыгында биздин балдар жеңишке жетишти. Бул биз үчүн сыймык, команданын жеңиши жалпы университеттин жеңиши», - деди курама команданын машыктыруучусу Тимурлан Даминов.

Белгилей кетсек, ОшМУдан универсиадага катышуу үчүн спорттун 18 түрүнөн 182 студент борбор калаага жөнөп кеткен. Ал эми оюндар жыйынтыкталган соң жеңүүчүлөргө университеттин атынан атайын баалуу белектер, акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×