Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусу, Ош 14.03.2014 14:16

Ошто грек-рим жана эркин күрөш боюнча спорттук мелдештер өткөрүлөт

Turmush -  Эртен, 15-мартта саат 10:00до «Алыш» спорт клубунда грек-рим күрөшү боюнча, саат 12:00дө эркин күрөш боюча «Динамо» спорт комплексинде Кыргызстандын биринчилигине мелдештер өткөрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдешке 14 жаштан 17 жашка чейинки жаш уландар катышат. Республикалык деңгээлде уюштурулуп жаткан мелдешке өлкө боюнча 800дөн ашык спортчулардын катышуусу күтүлөт.

Мындай мелдеш Ош шаарында алгачкы ирет өткөрүлүүдө. Аталган иш-чара 16-17-мартка чейин уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×