Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу 17.03.2014 17:26

Ошто кичи футбол боюнча мелдеш өтүп, жыйынтыгы чыгарылды

Turmush -  Кечээ, 16-март күнү Ош шаарындагы «Дельфин» спорт комплексинин аянтында кичи футбол боюнча мелдеш өтүп, жыйынтыгы чыгарылды. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Жарышта 1-орунду «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген ишканасы алып, 5 миң сом жана алтын медаль, 2-орунду Ош шаардык суу канал муниципалдык ишканасы жеңип, 4 миң сом жана күмүш медаль, 3-орун Ош шаардык сейил бактар башкармалыгы утуп, 3 сом жана коло медалга татыды.

Ал эми 4-орунду камсыз кылган шаардык «электржарыктармактар» ишканасы 2 миң сом менен сыйланышты.

Мелдеш Турак-жай комуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата 15-16-март күндөр өткөрүлдү. Ар жыл сайын салтка айланган оюнга шаардагы коммуналдык чарба тармагында эмгектенген ишканалардан 9 команда катышты.

Мелдештин жүрүшүнө Ош шаарынын вице-мэри Ильяс Ражапов катышты. Ош шаардык мэриясы тарабынан 30 миң сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнгөн.

Турак-жай коммуналдык профсоюздар коммитети тарабынан мыкты оюнчуларга акчалай сыйлыктар жана өлкөдөгү эс улуучу жайларга барууга 6 оюнчуга жолдомо тапшырылды.

Ош шаарынын вице-мэри Ильяс Ражапов сыйлык тапшырып жатып, спорт оюндарын мандан ары да жандандыруу үчүн айына 2 ирет оюндарды өткөрүп турууга шарт түзүп берүүсүн билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×