Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 21.03.2014 12:11

Нооруз майрамына карата Ош шаарынын борборук ат майданында көк-бөрү оюну өткөрүлөт

Turmush -  Бүгүн, 21-мартта Ош шаарында саат 14:00дө Нооруз майрамына карата борбордогу ат майданында көк-бөрү оюну өткөрүлөт, деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызмат.

Мындай мелдеш түштүк аймагы боюнча өткөрүлүүдө. Мелдешке Баткен, Жалал-Абад, Ош областтарынан келген 4 команда катышат. Оюн кечээ 20-мартта башталып, анда Ош шаарынын оюнчулары менен Жалал-Абаддан келген улакчылар ат салышкан.

Жыйынтыгында Ош шаарынын командасы 8:3 эсебинде женишке жетишкен. Бүгүн Ош шаары менен Баткен областынан келген оюнчулар ойношот. Жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар каралган. Мындан тышкары саат 11:00дө Навои паркында спорттун 5 түрү боюнча мелдеш өткөрүлөт.

Кыргыздын улуттук оюндарынан «Ордо», «Тогуз-Коргоол», «Аркан тартыш», «Шахмат» жана «Тенис» оюндары өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×