Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 28.01.2014 14:15

Ошто билим берүү тармагындагы кызматкерлер арасында спорттук мелдештерди өткөрүү колго алынды

Turmush -  Ош шаардык билим берүү башкармалыгы билим берүү кызматкерлеринин арасында спорттук мелдештерди өткөрүүнү колго алды.

Бул багыттагы биринчи иш-чара ушул жылдын 24-январында «Достук, биримдик, педагогикалык чыгармачылык» аттуу ураандын алдында мектептердеги дене тарбия мугалимдеринин арасында футбол, волейбол, тогуз коргоол жана шахмат оюндары боюнча болуп өттү.

Мелдешке шаар мектептеринин мугалимдери «Барсбек», «Курманжан Датка», «Амир темур», «Ак буура» аталыштагы 4 бирдиктүү командага бөлүнүшүп, кызыктуу оюн көрсөтүштү.

Жеңүүчүлөр Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын дипломдору жана атайын кубоктор менен сыйланышты.

Эми жакында мектеп директорлорунун арасында шахмат боюнча мелдеш уюштурулмакчы.

«Билим берүү кызматкерлеринин чыгармачылыгын өнүктүрүү максатындагы түрдүү багыттагы иш чаралар башкармалыктын кызматкерлеринин, мектеп директорлорунун жана предметтик мугалимдердин арасында улантылып өткөрүлө берет», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×