Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусуАраван району 13.05.2014 11:14

Араван районунда селден улам шагылга толуп калган унаа жол тазаланып, каттам толук ачылды

Turmush -  Ош облусунун Араван районунун Керме-Тооайыл аймагындагыЧөгөм айылындаселден улам таш-шагылга толуп калган унаа жол тазаланып, жол каттамы толук ачылды. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 10-майында саат 20:00дөр чамасында селдин кесепетинен Культцентр — Чөгөм - Загара унаа жолунун 1-16-чакырымдар аралыгы сел калдыктарына (таш-шагыл) толуп, унаа жолун тосуп калган.

Унаа жол ЖЭМ-21 ишканасынын балансында. 2014-жылдын 12-майында ЖЭМ-21ден 1 жүктөгүч жана 1 грейдер тартылып, жол каттамы толук ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×