Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу 10.06.2014 11:57

Түштүктө бир күндө эки өрт кырсыгы катталды

Turmush -  Республиканын түштүк аймагында акыркы суткада эки өрт кырсыгы катталды. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын берген маалыматы боюнча, өрт Таш-Көмүр шаарындагы Масалиев көчөсүндөгү чөп сакталып турган сарай күйүп кеткен. Жыйынтыгында 10 боо чөп күйгөн. Өрттүн себеби аныкталууда.

Ошондой эле, Баткен облусунун Булак-Башы айылындагы Базар-Башы аймагында үй-чарбачылыгынын курулушунда өрт кырсыгы катталган. Өрттүн жыйынтыгында шыйпыр менен жабылган 10 чарчы метр жыгач бастырма жана 5 куб метр отун күйүп кеткен. Өрттүн себеби аныкталдууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×