Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусуНоокат району 17.06.2014 10:59

Ноокатта электр жабдууларын куроодо өрт чыгып, 3 тонна саман, 2 тонна чөп, 120 боо жүгөрү бакалы күйүп кетти

Turmush -  Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүнүн Үч-Бой айылында кечээ, 16-июнда өрт кырсыгы катталды. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, өрттүн кесепетинен 50 чарчы метр 2 кабаттуу жыгач устундуу шифер жабылган бастырманын чатыры, 3 тонна саман, 2 тонна чөп, 120 боо жүгөрү бакалы күйүп кеткен.

Өрт электр жабдууларын куроодо этиятсыздыктан келип чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×