Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусу 20.06.2014 10:23

Түштүктө акыркы суткада 6 өрт кырсыгы катталды: Ошто ботаникалык бакчада 0,6 га кургак чөп күйүп кетти

Turmush -  Түштүктө акыркы суткада 6 өрт кырсыгы катталган. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын берген маалыматы боюнча, Ош шаарынын Сманалиева көчөсүндөгү ботаникалык багында 0,6 гектар кургак чөп күйүп кеткен. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле, Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кзыл-Октябрь айылдык округундагы Кочкор-Ата айылында өрт болгон. Анда жыгач сарай күйүп, анын жалпы аянты 36 чарчы метрди түзөт.

Ошондой эле, дагы бир өрт кырсыгы Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Жазы айылдык округунун Кызыл-Дыйкан айылындагы жеке үйдүн короосунда өрт кырсыгы чыккан. Өрттүн жыйынтыгында сарайдын 20 чарчы метри, ошондой эле эмерек жана тиричилик буюмдар күйгөн.

Жалал-Абад шаарындагы Поддубной көчөсүндө жыгач сарай жана мини маркет күйүп кеткен. Өрттүн чыгуу себеби электр зымдарын туура эмес пайдалангандыктан келип чыккан.

Мындан тышкары, Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Исфана шаарынын Дадасян көчөсүндө шыйпыр менен жабылган жыгач навес күйгөн, ошондой эле 30 килограмм пахта жана эмеректин жарымы күйгөн. Ал эми Бүжүм айылындагы жеке үйдө катталган өрттүн жыйынтыгында 30 чарчы метр жыгач бастырма, ошондой эле 50 боо беде күйүп кеткен. Өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×