Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуКара-Суу району 24.06.2014 13:40

Фото - Кара-Суу районунда Cоюз учурундагыдай малчылардын жыйыны кайрадан жанданууда

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районунда малчылардын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө үй жаныбарларынын абалы, жайыттарды жакшыртуу жана белгилүү бир жандыктардын тукумун көбөйтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле, бул тармактын өнүгүшүнө салым кошкон мал багуучуларга сыйлык тапшырылды.

Район акими Тилек Матираимов билдиргендей, малчылардын жыйыны Советтер Союзу мезгилинде өткөрүлүп келип, кийин унутта калган. Эми учурда ал кайрадан жандандырылууда.

Жыйындын алкагында улуттук оюндар жана күрөш боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×