Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусу 24.06.2014 15:37

Ошто айымдардын катышуусунда аялдарга карата зомбулук маселеси талкууланды

Turmush -  Ош шаарында аялдарга карата зомбулук жана гендердик теңсиздик маселеси боюнча бүгүн, 24-июнь күнү семинар болуп өттү. Бул туурасында «Демократиялык процесстерди изилдөө» борборунан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чара улуттар аралык биримдикти, тынчтыкты бекемдөөжана аялдардын коомдук иш-чараларга активдүү катышуусу менен аларга карата коопсуздукту камсыз кылуу максатын көздөйт.

Ошондой эле, аялдарга жана кыздарга карата зомбулук, эрте турмушка чыгуу, кыздарды ала качуу, үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча семинар милиция, билим берүү, саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана аймактык кеңештин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлүүдө.

Семинардын жыйынтыгы боюнча КР өкмөтүнүн атайын токтому боюнча аялдарга карата зомбулуктун алдын алуу иштерин жүргүзүү пландаштырылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×