Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуӨзгөн району 24.06.2014 17:40

Өзгөн районуна Ак-Талаадан райондор аралык мамилени чыңдоо максатында аким баштаган делегация келди (фото)

Turmush -  Ош облусуна караштуу Өзгөн районуна бүгүн, 24-июнь күнү Нарын облусунун Ак-Талаа районунун акими Семетей Черикбаев баш болгон 18 кишиден турган кызматкерлер иш сапары менен келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын берген маалыматы боюнча, делегациянын иш сапарынын максаты - райондор аралык мамилени чыңдоо жана райондогу тарыхый мурастарды көрүп чыгуу.

Андан соң жумушчу топ айтылуу Кара-Шоро жайлоосуна да барып Өзгөн районунда 3 күн болот.

өзгөн3

өзгөн

өзгн2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×