Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусуКара-Суу району 25.06.2014 11:43

Кара-Суу районунун 13 айылында электр жарыгы болбойт

Turmush -  Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда бүгүн, 25-июнь күнү электр жарыгы болбойт. Бул туурасында «Ошэлектр» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Анын берген маалыматы боюнча, электр жарыгын өчүрүү пландык-ремонт иштерине байланыштуу, анда электр зымдары жана электр шаймандары алмаштырылат.

Электр жарыгы Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Кыш-Абад, Беш-Капа, Чоок, Савай-Арык, Сары-Колот, Курбан-Кара, Жоош, Кашкар-Кыштак, Нариман, Мады, Агартуу, Ак-Таш айылдарында болбойт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×