Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусу, Ош 25.06.2014 15:01

Ош шаарындагы гүлдөрдү сугаруу үчүн күнүнө 7-8 суу унаасы тартылат

Turmush -  Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү гүлдөрдү жана өсүмдүктөрдү сугаруу үчүн күнүнө 7-8 суу унаасы тартылат. Бул туурасында Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатынын башчысы Айгүл Наватова билдирди.

Анын берген маалыматы боюнча, аталган мекеменин кызматчылары шаардын Монуев, Разаков, Масалиев, Ленин көчөлөрүндөгү бактарды жана көчөттөрдү сугарат.

«Жолдорго суу себүүчү кызматчылар таңкы саат 02:00дө, ал эми гүл сугаруучулар саат 05:00дө бактарга суу куюп, топурагын жумшартып, отоо иштерин жасайт. Ал эм кечки саат 18дер чамасында экинчи ирет гүлдөрдү сугаруу үчүн кызматчылар кечки саат 23төргө чейин иштейт», - дейт А.Наватова.

Шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча 8ден ашык кызматкер иштеп, алар Ак-Буура дарысынын оң жана сол жээги деп эки топко бөлүнөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×