Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуНоокат району 25.06.2014 16:54

Ноокатта быйыл 400гө жакын окуучу 3 агым менен эс алууга чыгат

Turmush -  Ош облусуна караштуу Ноокат районунда 400 гө жакын окуучу 3 агым менен эс алууга чыгат. Бул туурасында Кыргызстан боюнча агроөнөр жай комплексинин жана айыл чарбасынын муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокат райондук комитетинин төрагасы Эралы Ысабаев билдирди.

Маалымат боюнча, быйылкы жылы окуучулар А.Чыңгараев атындагы балдардын ден-соолугун чыңдоо борборунда эс алышат. Ал эми өткөн жылы 3 агымда 372 бала эс алган. Эс алуучу окуучулардын мындай көбөйүшү, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын быйылкы жылга көбүрөөк акча каражатын бөлүүсүнө жараша болууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×